Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 07:03

НАТО Ооганстандагы аскер санын көбөйтүү ниетинде


НАТОнун Европадагы аскер командачысы, генерал Жон Краддок Ооганстандагы контингенттин санын көбөйтүүгө чакырды. Краддок Ооганстандагы америкалык аскердин саны көбөйтүлсө, НАТОго кирген башка өлкөлөр дагы кошумча жоокерлерин жиберерин белгиледи. Белгиядагы маалымат жыйынында, генерал Краддок талиптердин каршылыгы күн санап өсүп баратканын айтты. Учурда Ооганстанда эл аралык күчтөрдүн 65 миң жоокери жайгаштырылган. Алардын 32 миңи америкалыктар. АКШ кийинки жылдын январына чейин Ооганстанга кошумча сегиз миң беш жүз жоокер жөнөтүүнү пландаштырууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG