Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:48

Президент энергетикадагы жагдайды жакшыртуунун жолун издөөдө


Бүгүн президент Курманбек Бакиев “Электр станциялары” акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Ильяс Давыдовду кабыл алып, энергетика тармагындагы жагдайды тыкыр иликтеп, кырдаалды жакшыртуунун чаралары боюнча өкмөткө сунуш берүүнү тапшырды. Давыдов анын алдында президентке Токтогул суу сактагычындагы, Бишкек, Ош ТЭЦтериндеги жагдай боюнча маалымат берген.Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Энергетика министри Сапарбек Балкыбеков буга чейин электр кубатын үнөмдөбөсө кыштан чыгуу кыйын болот деп эскерткен. Президент эмгек өргүүсүнөн келгенден бери энергетика тармагындагы жагдай боюнча коомчулукка расмий маалымат таратыла элек. (BuS)

XS
SM
MD
LG