Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Мусулмандар кеңеши республика боюнча нааразылык чараларын уюштурат


Кыргызстандын мусулмандар кеңешинин теңтөрагалары Турсунбай Бакир уулу жана Нурлан Мотуевдин билдирүүсүндө, нааразылык чаралары 16-декабрдан 24-декабрга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт. Алар президент К. Бакиевге өз айланасынан экс-президент А. Акаевдин кадрларын жана коррупционерлерди тазалоо талабын коюуда. “Эгер талап аткарылбаса, анда бүт бийликтин кетишин талап кылабыз”,- деп белгиледи Турсунбай Бакир уулу. Ошондой эле ал мусулмандар кеңеши эч кандай башка диний уюм, хизбутчулар менен байланышы жок экендигин билдирип, кеңештин максаты - мусулмандардын кызыкчылыгын көздөө жана заманбап диндин болушун жактоо экендигин айтты. (AzK)

XS
SM
MD
LG