Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Кумтөрдү милдеттендирүүнү Жогорку Сот убактылуу токтотту


Жогорку Сот бүгүн “Кумтөр голд компани” ишканасынын сунушун карап канагаттандырды. Ишкана Бишкек райондор ортолук соттун чечимин бекитпей кое турууну сурап, муну ишкананын аппеляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда карала электиги менен негиздеген. Бишкек райондор ортолук соту 2002-2008-жылдары пайдаланылган жер үчүн ишкананы 94 млн.177 миң сом салык төлөөнү “Кумтөр голд компаниге” милдеттендирген. Буга Сотко Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн арызы негиз болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG