Мындай пикирин бүгүн “Азаттыкка” коомдук ишмер Дастан Сарыгулов Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары боюнча жаңы министрдин дайындалышына байланыштуу билдирди. Ушундай эле көз карашын буга чейин “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Азаттыкка” билдирип, системаны алмаштырмайынча бир министрди кызматтан кетирүү эч нерсе чечпейт деп билдирген. Ал эми “Ак жол” партиясынын парламент фракциясындагы көпчүлүк Кыргызстандагы энергетикалык жагдайдын татаалдап кетишине министр Сапарбек Балкыбековдун тиешеси бар деп, аны кызматтан кетирүү талабын коюп келишкен. Президент бүгүн бул орунга “Электр станциялар” ишкана директорунун орун басары Ильяс Давыдовду алып барганы мурда маалымдалган. (BuS)