Мындай оюн “Азаттыкка” республикалык көз карандысыз майып аялдар ассоциациясынын жетекчиси Асипа Мусаева билдирди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдар өтө аз. Ал эми алардын арасында майып адамдардын арты менен өз максаттарын ишке ашырууну көздөгөндөр да бар. “Мисалы “Сострадание” деген уюм жардам бере баштаган. Бирок акырындап ал “кудайга ишенсең, жардам беребиз” деп, макул болгондорду өзүнө тартып, калгандарын четтетип койду. Алгач баары эле майыптарга жардам беребиз деп киришишет. Анан акырындап жанданып алган соң, биздейлерди карабайт”, - дейт Асипа Мусаева. Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 111миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Аларга колдоо көрсөтүү боюнча 300дөн ашуун бейөкмөт уюмдар иштешет.(AzK)