Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Милиция Максим Кулешовду кармап кетти


Укук коргоочу Максим Кулешовдун билдиргенине караганда, анын жанында жүргөн “Бурана” радиостанциясынын кызматкери Рахманжан Исламовду Биринчи май райондук милициясы кармап кетти.

Бүгүн Максим Кулешов Коопсуздук Комитетинин алдында кайрадан акция уюштурган. Өткөн аптада Кулешов 2005-жылы мартта Улуттук Банктын Жалалабад облустук бөлүмүнөн уурдалып кеткен 23 млн. сомдун изин табуу боюнча ишти жандандырууну талап кылган. Бүгүн Кулешов коопсуздук кеңсесинин жанына плакат жайып, төрага Мурат Суталиновдун дарегине концелярдык буюмдарды, кутучу, ийне, анан ак жип жөнөттү.

“Демократиянын көчө сабактары” деген ат менен өтүп келаткан буга чейинки акциялар да мыйзамсыз деп табылып, сот тарабынан анын уюштуруучусу Максим Кулешов эки ирет 2 миң сомдон айыпка жыгылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG