Бул туурасында бүгүнкү Бишкекте өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду. «2007-жылы Чүйдө күчү 6-7 балга жеткен жер титирөө катталып, анда Шамшы айылы бир топ кыйроого туш болгон. Бирок айылдагы аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө каражат дээрлик берилген жок, айыл өкмөтү жардамга келген акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланды. Райондук прокуратура жана милиция кызматкерлери арыз менен кайрылгандарга кысым көрсөтүп жатат», -деп билдиришти Шамшы айылынан келген мугалимдер. Алар айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз иштери жөнүндө президентке арыз жолдоп жатышат. Бирок аталган айыл өкмөттүн башчысы Алмазбек Сүйүнбаев жогорудагы айтылгандарды куру доомат деп белгиледи. Анын айтымына караганда жер титирөөдөн кийин 6 үйгө 100 миңден жана 147 үйгө 3500дөн акча бөлүнүп берилген. Кыйроодон кийинки жаңы салынган мектеп болсо декабрь айында ишке кирет. (JJ)