Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери 24-ноябрда ИИМдин ички иштер аскерлеринин подполковнигин героиндин ири партиясы менен кармашты. Ал шаардагы аскер бөлүктөрүнүн бирине кире бериште героинди сатуу аракетин көрүп жаткан учурда колго түштү. Текшере келгенде анын жанынан пакеттерге салынып, жабышкак желим менен байланган сегиз килограмм героин чыккан. Ошондой эле ИИМдин Ички иштер аскерлеринин подполковнигинин күбөлүгү табылган. Кармалган шылуун Оштон экендиги, жашы 51де, улуту күрд экендиги аныкталган. Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин маалыматында, кармалган адам өзүнүн кызмат абалын кыянат пайдаланып жүргөн кадимки эле баңгибарон экендиги айтылат. Анын иш кабинетин текшерүү маалында дагы бир кг героин, ал эми үйүнөн «Super R-35» пистолети табылган. Баңги сатып байыган шылуунга кылмыш иши козголду.