Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

И.Давыдовдун кырдаалды оңдошуна ишенбегендер көп


Энергетика боюнча адис окумуштуу Карыпбек Алымкуловдун пикиринде Энергетика жана отун ресурстар министри болуп дайындалган Ильяс Давыдов кырдаалды өзгөртө албайт, эгер анын жаңы сунуштары болсо буга чейин эле абалды оңдомок. Алымкуловдун баамында, Давыдов министрликте структуралык өзгөртүүлөрдү жасашы мүмкүн, бирок буга чейинки аракеттин жоктугунан кризиске тушуккан энергетика тармагын азыр оңдоо кыйын болуп калды. Ал эми жаңы министр Ильяс Давыдов кечээ Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү март айында 5 миллиард 800 миң кубметрге түшүшү мүмкүн деп, электр энергиясын пайдаланууну азайтуу жана суунун ГЭС такыр токтоп калчу илимий негиздеги деңгээлин төмөндөтүү керектигин билдирген.(BD)

XS
SM
MD
LG