Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Максим Кулешов дагы жаза алды


Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук соту Токмоктук укук коргоочу Максим Кулешов менен “Бурана” радиостанциясынын журналисти Рахман Исламовго милиция кызматкерлерине баш ийбей койду деп, 500 сомдук айыппул салды. Буга алардын кечээ Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын алдына барып, 2005-жылы Улуттук банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн уурдалган 23 миллион сом боюнча кылмыш ишин кайра жандантууну талап кылышы себеп болду. Айыпка жыгылгандар чечимге макул болбой аны жокко чыгаруу арызын шаардык сотко беришти. (BD)

XS
SM
MD
LG