Жаңы жылдын 1-январынан тарта Бишкектеги автобус жана троллейбуста жол кире акысы 6 сом болот. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Замир Бекбоев билдирип, троллейбустар куну өсүп жаткан электр энергиясы менен жүрөрүн эскертти. Ал эми кичи автобустардын жол акысы 10 сомго чыгат деген имишти тастыктаган жок. (BD)