Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:26

Таиланддын оппозициясы тынчыбай жатат


Тайландда оппозициянын тарапкерлери Бангкоктогу эл аралык аэропортко кетчү негизги жолду буушту. Кабарларга караганда, оппозиция менен бийликтин жактоочулары ортосундагы кагылышуу учурунда атышуу болуп, мындан бери дегенде он киши жаракат алган. Тайландда нааразылык акциялары бир нече айдан бери созулуп келүүдө. Оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылып, министрлерди коррупцияланган жана мурдагы премьер-министр Таксин Чинаватанын айткандарынан чыкпай келет деп айыпташууда. Таксин Чинавата 2006-жылы аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кетип, учурда бозгунда чет өлкөдө жүрөт.

XS
SM
MD
LG