Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:06

2009-жылкы бюджет ачык парламенттик угууда талкууланат


Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 2-декабрда 2009-жыл үчүн республикалык бюджеттин долбоору менен кошо кийинки 2010-2011- жылдардын божомолу ачык парламенттик угууда талкууланганы жатат. Кеңири чөйрөнүн катышуусунда өтөрү күтүлүп жаткан бул талкууну Европа Биримдиги менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу астында Экономика, бюджет, каржы комитети уюштурууда.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда келерки бюджеттин киреше бөлүгү 44 млрд. сомду, чыгаша бөлүгү 47 млрд. сомду түзөт деп болжолдонууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG