Бишкек шаарынын мэри Н. Түлеевге жана Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Т. Дегембаевге бүгүн жиберилген билдирүүдө Кыргызстан Элдик революциялык кыймылы жалпы элдик нааразылык акциясын 2008-жылдын 20-декабрында Бишкекте Ала-Тоо аянтында саат 12-00 дөн 18-00 гө чейин өткөрө тургандыгы айтылган. КЭРКтин штабы тараткан маалыматка караганда, “нааразылык акциясы азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан элге каршы саясатына, энергетика кризиси, бийликтин коррупциялык баа саясатына (төө буурчак, тамеки, пахта ж.б.), азык-түлүктүн кымбатташы жана жол киренин жогорулашына, адамдардын дайынсыз жоголушуна, Бишкек шаарындагы жерлердин мыйзамсыз сатылып жатышына каршы” өткөрүлмөкчү. КЭРКтин Улуттук Кенеши 29-ноябрда боло турган оппозициялык күчтөрдүн курултайында коомчулукту жалпы элдик нааразылык акциясына катышууга жана К. Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү маселесинин айланасына бардык оппозициялык күчтөрдү биригүүгө чакырып чыгарын билдирүүдө. (KCh)