Бүгүн “АКИпресс” агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында мындай талапты Музыкалык көңүл ачуу программалар борборунун продюссери Ассоль Молдокматова, Жаштар редакциясынын башчысы Шайыр Абдырахманов, Музыкалык көңүл ачуу программалар борборунун редактору Алексей Филатов жана режиссер Асыл Апасова коюп чыгышты. Алар УТРКнын башкы директору Мелис Эшимкановго улуттук каналды менчикке айландырып алды, өз билгенин жасап, телеберүүлөрдүн деңгээлин төмөндөтүп, журналисттерге кысым көрсөтүп жатат деп айыпташты. Ассоль Молдокматова Эшимкановго нааразы 200 кызматкер бар деп билдирди. Мелис Эшимканов мындай дооматка азырынча өз жообун айта элек. (BuS)