Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Президент үгүт кербендин элди кыдыруусун кубаттады


Бүгүн президент Курманбек Бакиев мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун маалыматын укту. Нур уулунун айтымында жазуучу Чынгыз Айтматов жылынын алкагында Нарын, Баткен облустарын үгүт кербендери кыдырып, өлкөдөгү талылуу маселелер боюнча эл менен пикир алмашуулар болду. Досбол Нур уулунун айтымында Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин, тармактардын өкүлдөрү, чыгармачыл жамааттар жана артисттер курамына кирген үгүт кербендер эми калган бардык облусттарды кыдырганы жатат. Мындай демилгени колдогон президент калкка өлкөдөгү кырдаал, дүйнөлүк кризистин Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасири, энергетика тармагындагы абалды жакшыртуу боюнча аракеттер тууралуу элге туура маалымат берүүнү сунуш кылды.(BuS)

XS
SM
MD
LG