СДП фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимовдун бүгүн маалымат жыйынында билдиргенине караганда мурдагы Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков “Электр станциялар” ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Мындай маалыматты президенттин маалымат кызматы тастыктаган жок. (BuS)