Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

“Жаңы Кыргызстандын” лидери Исаков Ошто жыйын өткөрдү


“Жаңы Кыргызстан” партиясынын Оштогу жыйыны декабрдан баштап нааразылык акцияларын баштоону партиянын саясий кеңешине сунуш кылды. Партиянын баш катчысы Исмаил Исаковдун катышуусунда өткөн бул жыйын ошондой эле партиянын координатору Керим Макеевди 23-ноябрда сабаган милиция кызматкерин таап берүүнү, стратегиялык ишканаларды менчиктештирбей, мамлекеттин карамагына калтырууну, таза башкарууну камсыздоону бийликтен талап кылды. “Жаңы Кыргызстандын” шайлоочуларына отчет берүүдөн баш тарткан “Ак жол” партиясы коомчулукта сынга алынышы керек деп эсептеди. Жыйынды Ошто партиянын шаарынын, Карасуу, Ноокат райондорунун жергиликтүү комитеттери биргелешип өткөрүштү. (BuS)

XS
SM
MD
LG