Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Ысык-Көл облусу 1 млн. 800 миң киловатт саат электр кубатын ашыкча короткон


Ашыкча чыгымдоонун айынан Ысык-Көл районунун эли күнүнө 7-10 саат гана электр жарыгын көрүүдө. Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын жаңы жетекчиси Жаныбек Коӈкобаевдин айтуусунда, 1 млн. 800 миң киловаттын 1 млн. 300 миңин Ысык-Көл району короткон. Анын негизги себеби бир күнгө өлчөнгөн 455 миң киловаттын 10 миңин президенттин иш башкармалыгынын «Аврора», «Экинчи резиденциясы», Кыргыз алтындын «Кыргыз деңизи», профсоюздук «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионаттары жаккан. Электр кубатын үнөмсүз пайдаланганы үчүн райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Бакыт Сарымолдоев кызматынан бошотулду. (RB)

XS
SM
MD
LG