Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Нарында зордук-зомбулукка кабылгандардын саны көбөйүүдө


Нарын шаарындагы «Тендеш» коомдук уюмуна запкы көргөн 7000 айым 1997-2007-жылдарда кайрылган. Ал эми кийинки эки жылдан бери каражат жоктугунан улам кризистик борбор убактылуу каалгасын жапкан. Мындай маалыматты 16 күн зордук зомбулукка каршы күрөш акциясына арналган маалыматтык жыйында «Тендештин» лидери Света Саякбаева билдирди. Анын айтымында, кийинки жылдары эркек адамдар дагы зомбулукка кабылууда. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу аркылуу иштеп жаткан Нарын шаарындагы юридикалык жардам корунун коргоочусу Садык Токсумаков жаштар арасында ажырашуу көбөйүп бара жаткандыгын белгиледи. «Биз эле жыл башынан бери 71 ажырашуу, 49 жолу мүлк талашуу боюнча соттук отурумдарга катыштык», - дейт Садык Токсумаков. Жыйынга катышкан бир катар коомдук уюмдардын жетекчилери учурдагыдай экономикалык оор жагдайда жана улуттук идеология жоктугунан улам зордук-зомбулук кыскарбастыгын билдиришти. (KUs)

XS
SM
MD
LG