Бишкектин тургундарынын көбү жакынкы эки жылда экономикалык абал начарлайт деген ойдо.Муну М-Vector деген агенттиктин иликтөөсү аныктады. Сурамжылоого катышкан 1400 тургундун 51 пайызы жашоо начарлайт десе, 32 пайызы абал өзгөрбөйт деп жооп беришкен. 13 пайыздан ашыгы жашоо жакшырат десе, 2 жарым пайызы эч нерсе деп жооп беришкен эмес. Бирок, жооп бергендердин 79 пайызы өлкөдөн башка жакка кетпесин билдирсе, 18-25 жаштагы жаштагылардын 30 пайызга жакыны кетээрин айтышкан. Кетүүгө камынгандардын 60 пайызга жакыны башка өлкөдө жашоого, 28 пайызы акча тапканга кетишет экен. (BD)