Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Ирак парламенти АКШ менен жаңы келишимди кабыл ала элек

Ирактын парламенти америкалык жоокерлердин Ирактагы мөөнөтү тууралуу АКШ менен түзүлгөн келишимге добуш берүүнү бүгүнкүгө калтырды. Документте америкалык жоокерлерди 2011-жылдын этегине чейин Ирактан чыгарып кетүү каралган. Бир жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилген макулдашуунун негизинде түзүлгөн бул документке Ирак парламенти кечээ добуш берери күтүлгөн. Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики бул келишим - өлкөнүн суверендүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн зор үмүт болгонун билдирди. Радикал шииттердин лидери Моктад ас-Садранын тарапкерлери АКШ менен жетишилген бул келишимге каршы болуп келет.

XS
SM
MD
LG