Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

Барак Обама экономика саясатын жаңыча баштаган жатат


АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама өлкөнүн Улуттук банкынын мурдагы жетекчиси Пол Волкерди экономикалык кеңешчилер комиссиянын төрагасы кылып дайындады. Аталган комиссия каржы базарларын турукташтыруу боюнча чара көрөт. 20-январда Буштун ордуна кызматка келе турган Обама өз администрациясындагы экономикалык командасында бир катар өзөктүү дайындоолорду жарыялады. Ага ылайык, АКШнын каржы министри Тимоти Гейтнер болуп, Улуттук экономикалык кеңешти мурдагы каржы министри Лоуренс Саммерс жетектейт.

XS
SM
MD
LG