“Балдардын медиа борбору” уюму тарабынан ВИЧ илдетине чалдыккан адамдар тууралуу беш тасма тартылды. Фильмдердеги башкы тема - аталган оору менен жашагандардын коомчулукта өз ордун таба албай, адамдардын түшүнбөстүгүнө кабылгандыгы. Фильмдердин сюжети чыныгы жашоодо болгон окуялардын негизинде түзүлгөн жана башкы ролдорду үйрөнчүк актерлор аткарган. Ал эми авторлор- жаш кинорежиссерлор. Тасмалар адамдарды толеранттуулукка чакырып, ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккандарга карата терс көз карашты жоюуга арналган. Учурда өлкөдө ВИЧ инфекциясын жугузган 1931 адам каттоодо турат. Адистер чынында бул сан мындан бир нече эсе көп дешет. (AiJu)