Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Кытайдан келген унду текшерүүгө каражат которулду


Айыл, суу чарба министрлиги Кытайдан сатылып келген унду лабараториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн Москвага каражат которду. Эми Москвадагы “Гигиена жана эпидемиология” борбору ал унда зыяндуу меламин заты бар жоктугун аныктайт. Буга чейин кабык курт жана меламин бар деп шектелген ун Орусияда текшерилип, аталган уулу зат менен зыянкеч жоктугу тастыкталган. Бирок башка сегиз зыянкеч табылган. Эми “Гигиена жана эпидемиология” борбору текшерүүнү бүткөн соң, Айыл жана суу чарба министрлиги анын жыйынтыгын жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты. (AiJu)

XS
SM
MD
LG