Бул тууралуу маалымат жыйынында улуттук биринчи каналдын мурдагы кызматкерлери, журналист Бейшенбек Бекешов жана жарнама-коммерциялык агенттиктин мурдагы башчысы Аида Айтиева билдиришти. Алардын айтымында, телерадиокомпаниянын жетекчиси Мелис Эшимканов ишке алган жарнама-коммерциялык агенттиктин башчысы Медин Конушбаев экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин командасын ишке алган. А. Айтиеванын билдиришинче, жаңы кызматкерлер Тойгонбаевдики деп саналган мурдагы “Айрек” жарнама компаниясында эмгектенгендер. Эми алардын ыплас иштеринин айынан мамлекеттик каналдын кирешеси дээрлик төрт эсе түштү. Бекешов менен Айтиеваныны айтымында, УТРКнын айрым кызматкерлери бул үчүн М.Конушбаевдин үстүнөн арыз жазып, Каржы полициясы ага карата кылмыш ишин козгогон. Бирок бийликтегилердин буйругу менен ал иш токтотулган. Маалымат жыйынын өткөргөндөр бул маселеге президентти көңүл бурууга чакырышты. (AiJu)