Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Жогорку Сот СДПнын 20 млн. сом айыбы боюнча ишти артка кайтарды


Бул тууралуу билдирген СДПнын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоевдин айтымында, 26-ноябрда Жогорку Cот Бишкек райондор аралык жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгарып, биринчи инстанциядан кайрадан кароого жиберди. Эскерте кетүүчү жагдай, өткөн жылы парламенттик шайлоо алдында СДПнын мурдагы жооптуу катчысы Эдил Байсалов шайлоо өнөктүгү маалында шайлоо бүллетенин өзүнүн интернетине жайгаштырып, ачыкка чыгарып Шайлоо Кодексин одоно бузду деп БШК күнөөлөп, укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон. Бул боюнча 2007-жылы 11-декабрда Бишкек район аралык соту карап БШКнын пайдасына чечип, СДПдан 20 млн. 19 миң 780 миң сом өндүрүлсүн деген чечим чыгарган. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында бул ишти Бишкек шаардык соту карап, мурдагы соттун чечимин өзгөртүп СДПдан 19 млн. 543 миң 719 сомду БШКга төлөп берүүсү тууралуу чечим чыгарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG