Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Жалал-Абатта А. Мадумаровдун катышуусунда диний кырдаал талкууланды


Облустук координациялык жыйынга коопсуздук кеңешинин катчысы А. Мадумаров облустагы жергиликтүү бийликтин, укук коргоо, тартип, дин уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Мадумаров мал уурдалып, дан түшүмсүз болуп, жарык өчсө, ага Бакиев күнөөлүү дегендерге кошулбай тургандыгын айтты. Мекени үчүн күйгөн, курултайга камынган саясатчыларды чек араны коргоого чакырды. Муфтий Мураталы Жуманов Арабстандан чыгып, халифат курууну көздөгөн “Хизб-ут тахрир” партиясы динге шек келтирип жаткандыгын билдирди. Диний абал опурталдуу экенин эскерткен облустагы коопсуздук башкармасынын орунбасары экстремистик уюмдар өз катарын социалдык теңсиздикке нааразы болгон адамдар менен көбөйтүп жатканын баян курду. Өлкө бүтүндүгүнө шек тийгизген зыяндуу уюмдарга, сотторго жоопкерчиликтүү күчөтүү, дин үгүтүндөгү башаламандык, диндер ортосундагы көйгөйлөр, мектеп кийими тууралуу сөз жүрдү. А. Мадумаров 17 сотко коюлган дооматтар аныкталганын, аларга тиешелүү чечим чыгарылганын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG