Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Өлкө башчысы каржы жана салык органдардын жетекчилерин кабыл алды


Бүгүн 27-ноябрда президент Курманбек Бакиев республиканын каржы жана салык органдарынын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анда бизнестин ишкер активдүүлүгүн колдоо, мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жана жалпы каржы жана салык органдардын ишмердүүлүгү жөнүндөгү маселелер талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы тарабынан орчундуу тапшырмалар берилип, бул жылга, ошондой эле 2009-жылга карата милдеттер коюлду. Атап айтканда, республиканын бюджетин аткаруу, мамлекеттик органдардын чыгымын кыскартуу жана бюджеттик-каржылык тартипти чыңдоо боюнча катуу чараларды көрүү, өз ниети менен салык төлөөчүлөр үчүн процедураларды жөнөкөйлөтүү аркылуу натыйжалуу салык жана бажы администрациялоосун камсыздоо, жалган ишкерликке каршы күрөштү активдештирүү, Эсеп палатасы тарабынан салык органдардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле салык кызматын модернизациялоо боюнча Азия өнүктүрүү банкынын долбоорун турмушка ашырууну тездетүү тапшырылды. Кеңешмеге эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкулов, каржы полициясы кызматынын төрагасы Акимжан Муйбиллаев, каржы министри Тажикан Калимбетова, Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков, Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Нурлан Акматов катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG