Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Ирактын парламенти АКШ менен түзүлгөн Коопсуздук келишимин жактырды


Келишим быйыл жыл соңунда БУУнун мандаты аяктагандан кийин америкалык аскерлердин Иракта дагы үч жылга туруусуна жол ачат. Алар өлкөнүн шаарларынан 2009-жылдын 30-июнуна, ал эми толугу менен 2012-жылдын 1-январына чейин чыгып кетүүсү керек. Бул мезгилдин аралыгында Ирак тарап америкалык аскерлердин аракеттерине катуу көзөмөл жүргүзүп турууга укук алат. Парламент спикери Махмуд ал-Машхаданинин билдиргенине караганда, сессияга катышкан 275 депутаттын басымдуу бөлүгү же 220сы келишимди колдоду. Эми келишимди Ирактын президенттик кеңеши жактыруусу керек. Мыйзамда каралган бул процедура орундалары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG