Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Өкмөт Кытайдын унунда зыяндуу зат жок экен деди


Кытайдан алынып келген 804 тонна унда меламин жана цианур кислотасы жок. Бул тууралуу кечээ кечинде биринчи вице-премьер министр Искендербек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, Германиянын Мертен лабораториясынан келген жыйынтыкты котормо агенттиги туура эмес которгондуктан зыяндуу заттар бар деген маалымат тараган. Андан тышкары Орусиянын 3 илим изилдөө институту жана Казакстандын азык-түлүк продуктыларын экспертизадан өткөрүү боюнча улуттук борбору унда меламин жок деген жыйынтыгын бергендигин өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка”  кабарлады.(BD)

 

XS
SM
MD
LG