Кыргызстандын премьер министри Игорь Чудинов Индиянын премьер министрине Мумбайдеги терракка байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү. Анда карапайым жарандар жабыр тарткан тирукмуш терракты кыргызстандыктар катуу айыптап, каза болгондордун жакындары менен кошо кайгырып, жарат алгандардын тез сакайышын тилеп жаткандыктары айтылат. Индиянын каржы шаары болгон Мумбайда 26-ноябрда болгон террактан 120 адам каза болуп, 300го жакын адам жарат алган.(BD)