Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Ирак парламенти АКШ менен жаңы келишимди колдоду


Ирак парламенти кечээ АКШ менен түзүлгөн коопсуздук келишимин жактырды. Документ америкалык аскер контингентине дагы үч жылга калганга укук берет. Парламент спикери Махмуд Машхадани документ көпчүлүк добуш менен жактырылганын маалымдады. Келишимдин шартына ылайык АКШ аскерлери эмдиги жылдын экинчи жарымына чейин Ирактын бардык шаарларынан чыгарылат, ал эми 2011-жылдын этегине калбай өлкөдөн биротоло кетет. Документ эми президенттик кеңеште бекитилет, андан соң күчүнө кирет. АКШ президенти Жорж Буш документти парламенттен ийгиликтүү өткөрүп алганы үчүн Ирак өкмөтүн куттуктады.

XS
SM
MD
LG