Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:56

Евробиримдик Косоводо миссиясын баштайт


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Косоводо Евробиримдиктин миссиясын жайгаштырууну жактырды. Буга байланыштуу билдирүүнү Коопсуздук Кеңешинин баардык 15 мүчөсү колдоп, кеңеш өз билдирүүсүндө Белград менен Приштинанын "эл аралык коомчулук менен кызматташуу" ниетин кубатташты. Евробиримдиктин Косового баруучу миссиясы полиция жана укуктук багытта иш алып барат. Алар Косоводо быйыл 17-февралда көз карандылыгын жарыялагандан кийин жайгаштырылышы керек болчу, бирок Сербиянын каршылыгына байланыштуу токтоп калган.

XS
SM
MD
LG