Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Рахман Исламов Токмокто коопсуздук кызматына чакырылды


Бул тууралуу укук коргоочу Максим Кулешов маалымат таратты. Анда “Бурана” радиостанциясын негиздеген журналист Рахман Исламовду 26-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин Токмоктогу башкармалыгынын кызматкери чакырып алып, анын жашоо шарты, туугандык байланыштары, акцияны ким каржылаганы сыяктуу суроолорду бергендиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле Исламовду Улуттук банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн уурдалган 23 миллион сом жөнүндө маселени козгобоону, акцияга чыкпоосун эскерткен. 25-ноябрда Рахман Исламов укук коргоочу Максим Кулешов экөө Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын жанында 2005-жылы март айында Улуттук банктын Жалал-Абаддагы бөлүмүнөн уурдалган 23 миллион сом боюнча кылмыш ишин кайра жандандырууну талап кылышып, “23 миллион сом жөнүндө” акциясын уюштурушкан. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту Рахман Исламовго милиция кызматкерлерине баш ийбей койду деп, 500 сомдук айып пул салган. (AJ)

XS
SM
MD
LG