Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

Бүгүн Ала-Тоо аянтында милицияларды кызматтык катарга тизүү болот


ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ар бир айдын акыркы жумасында Бишкектин жана облустук борборлордун аянттарында коомдук тартипти камсыз кылуу кызматынын жетекчилери, сырткы кызмат бөлүмдөрүнүн жеке курамын кызматтык катарга тизүү иш чарасы өткөрүлөт. Бүгүн Бишкектин Ала-Тоо аянтында саат 16.00дө ички иштер министринин орун басары Темиркан Субановдун жетекчилигинде кайгуул-күзөт кызматынын, жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн, атайын күзөт кызматынын мамлекеттик башкы башкармалыгынын, ички иштер аскер кызматынын кызматкерлери жана Э.Алиев атындагы ИИМдин Академиясынын курсанттары кызматтык катарга тизилет. Мунун негизги максаты ыкчам кызматтын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана келерки айга милдеттерди коюу, деп кабарлады ИИМдин басма сөз кызматы. Үстүбүздөгү жылы тартип коргоо органдары тарабынан 3 миңден ашуун кылмыштын бети ачылган. 2 миңге чукул дайынсыз жоголгондорду жана 4 миңден ашуун кылмышкерди издөө иштери жүргүзүлгөн. Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылы милиция кызматкерлеринин бул иш чарасын Элдик курултай өткөрүү алдында элге сес көрсөтүү катары баалашууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG