Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

А. Ногоев: Кытай азыктарына муктаждык жок


Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев Кыргызстанда Кытайдан келген жумуртка менен сүт азыктары дээрлик керектелбейт, өлкө өзүн бул азыктар менен толук камсыздай алат, деп билдирди. Кытайдын жумурткасы менен сүтүнүн токсон пайызы Кыргызстан аркылуу башка өлкөлөргө ташылаарын айтты. Министр тамак-аш азыктарында зыяндуу заттын бар-жогун аныктай турган жүз элүү миң долларлык жабдык жакында Кыргызстанга Германиядан алынып келерин кошумчалады. Кечээ кыргыз өкмөтү Кытайдан азыктарды алып келүүгө убактылуу тыюу салган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG