Грузия менен Украинаны келерки аптадагы отурумда НАТО өзүнө мүчө катары албай тургандыгы тууралуу билдирүүсүн орус президенти колдоду. Дмитрий Медведев бул тууралуу Кубага сапары учурунда билдирди. АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс НАТОнун келерки аптадагы жолугушуусунда Украина менен Грузиянын мүчөлүк планын кыстабай тургандыгын билдирген.