Машиналар бүгүн Бишкектеги эски аянтта тапшырылаарын Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, министрлик бюджеттен бир тыйын албай, үнөмдөлгөн өз каражатынын эсебинен Кытайдан 20 машине сатып алды. “ Ар бири 25 тоннадан турган бул жабдыктарды сатып алууга баш - аягы 35 миллион сом сарпталды.” – деп билдирет К. Ташиев. Министрдин белгилешинче, жер титирөө, суу ташкындары өңдүү табигый кырсыктарда бул жаңы жабдыктар куткаруучулардын ишин кыйла жеңилдетмекчи. Бүгүн эски аянтта бул машинелерди министрликтин жер-жерлердеги өкүлчүлүлүктөрүнө тапшыруу аземи өтөт. Айрым серепчилердин баамында, оппозициялык күчтөрдүн курултайы өтүп жаткан күндө бул аземдин эски аянтта өтүшү бийликтин атайы уюштурган иш-чарасы (EK)