Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Ооганстанда талибдердин аялдарча кийинип алынган колбашчысы жок кылынды


Бул тууралуу Ооганстандагы АКШ баштаган коалиция билдирди. Окуя Газни провинциясында жүргүзүлгөн рейд учурунда болгон. Талибандын Хажи Якуб ысымдуу жергиликтүү кол башчысы кармалып калбоо үчүн аялдарча кийнип жүргөн. Коалициянын билдирүүсүнө караганда, ал Газни провинциясында жол боюнда жардырууларды жасоо, жанкечтилердин кол салууларын уюштурууну жетектөөчү.

Бул аралыкта Оганстандын түштүгүндөгү уруштарда 33 согушкер жок кылынды. Маалыматка караганда, коалициялык күчтөр менен катар ооган аскерлери да тартылган уруш кечээ Кандагардан 150 чакырым батыш тараптагы Гильменд провинциясында орун алган. Аскерлер провинциянын Над Али деген районунда күзөттө жүргөн кезинде буктурмага кабылганда, ок атышуу башталып, аларга абадан колдоо көргөзүлгөн. Ал эми уруш учурунда коалициялык күчтөрдөн же ооган аскерлери арасынан жоготуу болгон-болбогону тууралуу кабарланган жок.

XS
SM
MD
LG