Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Индия Мумбайдагы кыянатчылыктардан келген зыянды аныктоодо


Согушкерлерге каршы операция бүгүн Мумбайдын Тадж -Махал меймаканасында алардын акыркы үчөөсүнүн жок кылынышы менен аяктагандай болду. Соңку расмий маалыматка караганда, үч күнкү кыянатчылыктар учурунда195 адам каза тапканы ырасталды, дагы 295 киши жаракат алды. Өлгөндөрдүн 20дайы чет элдиктер.

Автоматтар жана гранаттар менен куралданган согушкерлер Мумбайга шаршембиде кол салган. Индия бийликтери кол салууну коңшу Пакистандагы күчтөрдөн көрүүдө. Пакистан өкмөтү болсо чабуулга эч тиешеси жок экенин белгилеп, Делини бул маселеге саясатты аралаштырбоого чакырды. Кол салуу үчүн мурда анча белгисиз "Деккан Мужахидин" деген топ жоопкерчилик алды. Индия бийликтери азыр согушкерлердин ким экендигин да аныктоо аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG