Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министринин жадрамчысы Эркин Баяманов билдирди. Анын айтымында, аталган үйлөр эмдиги жылдын жай айында кайра туруктуу панелдүү үйлөр менен алмаштырылат. Маалыматка ылайык, учурда Нура айылында жетижүздөн ашуун адам отурукташкан жана дээрлик бардыгы зарыл болгон азык-түлүк, буюмдар менен камсыз кылынган.
Алайдын Нура айылында 5-октябрдын кечинде күчү 8 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Зилзаладан бул айыл дээрлик толугу менен кыйрап, 75 адам ажал тапкан. (ES)