Өлкөнүн ички иштер министри, кызматтан бүгүн чегинген Шиврадж Патил Мумбайдагы кандуу окуялар үчүн "моралдык жактан жоопкер" экенин билдирген. Ал жетектеген мекеме өлкөнүн каржы борборуна согушкерлер жеңил-желпи эле кол салганы үчүн сынга алынууда. Шиврадж Патилдин ордуна Ички иштер министрлигин жетектөөгө буга чейин каржы министринин кызматында турган Паланияппан Чидамбарам дайындалды. Ошондой эле бүгүн премьер-министр Манмохан Сингхке кызматтан чегинүү боюнча арызын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Маянготе Келат Нараяанан да тапшырды. Такталган соңку маалымат боюнча, кол салуудан мурда айтылгандай, 195 эмес, 174 киши каза тапты, 200дөн ашуун адам жаракат алды. Өлгөндөрдүн басымдуу бөлүгү индиялыктар, 20дайы чет элдиктер.
Кабарларга караганда, кол салган согушкерлдердин саны - он, алардын тогузу өлтүрүлүп, бирөөсү туткундалган. Автоматтар жана гранаттар менен куралданган согушкерлер Индиянын каржы жана ишкер борбору катары эсептелген Мумбай шаарына шаршемби күн кол салышкан эле. Оболу темир жол вокзалында, көчөдө, шаардык оорукана менен театрдын жанында жүргөндөрдү туш келди аткылашкан согушкерлер, бир сааттан бир аз ашуун убакыттын аралыгында шаардын эки аземи: "Тадж-Махал жана "Оберой-Трайден" мейманканаларына, жөөт диний жана билим берүү борбору жайгашкан "Нариман" турак-жай комплексине кирип, ал жердегилерди барымтага алышкан. Согушкерлердин акыркы үчөөсү кечээ "Тадж-Махал" мейманканасында жок кылынды.
Индия Мумбайга кол салгандардын Пакистандагы күчтөр менен байланышы бар деп шек саноодо. Пакистан бийликтери буга эч тиешеси жоктугун жана тергөө иштеринде Индия менен кызматташууга даярдыгын билдирип жатат.