Акцияны “Маданият –дүйнө жарыгы” коомдук уюмунун жетекчиси Максим Кулешов өткөрмөкчү. Анын тараткан маалыматы боюнча иш-чара 2005-жылдын март айында Улуттук Банктын Жалал-Абат шаарындагы филиалынан уурдалып, дайынсыз болуп жаткан 23 млн сомго байланыштуу болот. “Элди тоногон адамдар бийлик башында кала берүүсүнө каршы туруубуз керек,” дейт укук коргоочу. Максим Кулешов “Демократиянын көчө сабактары” аттуу акциянын негизинде ондогон нааразылык иш-чараларын Өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдында, борбордук Ала-Тоо аянтында өткөрүп, бул аракеттери үчүн бир нече жолу сот жообуна тартылган.(ZKo)