Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Ишенбай Кадырбековдун соту 3-декабрда уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Азимбек Бекназаров билдирди.

Анын айтуусунда сотто күбөлөрдү суроо уланмакчы. 28-ноябрда башталган сот жараянында жыйырмага чукул күбө курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго тагылып жаткан айыптоолордун бир эпизоду боюнча көрсөтмө беришти. Азимбек Бекназаровдун белгилөөсү боюнча соттун жүрүшүндө тергөөчүлөрдүн аша чапкан айрым аракеттери ачыктала баштаган.

КР курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен тогуз эпизод боюнча кылмыш иши козголуп, 25-апрелде камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG