Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Евангелисттер дин тууралуу жаңы мыйзамга нааразы


Евангелисттер мындай нааразылыгын президент Курманбек Бакиевге жолдогон кайрылуусунда билдиришип, бардык жарандардын укугун бирдей коргоого чакырды. Алар “Дин тутуу эркиндиги” жөнүндөгү Жогорку Кеңеш 6-ноябрда кабыл алган мыйзамда депутаттар эмне үчүн бир динден экинчи динге өтүүгө тыюу салышты жана жарандардын дин тутуу эркиндиги кайда деп суроо салышкан. Андан тышкары башка жактан дин жөнүндөгү адабияттарды алып келип таратуу, мүчөсү 200 кишиге жетпеген диний уюмдарды каттабоо жоболоруна да каршылыгын билдиришип, мыйзам кайра каралышын талап кылышты. Ал эми мыйзамды даярдаган мекемелер мындай жоболор салттуу диндерди туткан жарандар арасында карама-каршылык жараткан диний агымдарга бөгөт коюу жана мамлекет коопсуздугун бекемдөө үчүн киргизилгендигин айтышкан.(BD)

XS
SM
MD
LG