Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Жаңырган жуманын маданий окуялары


Бүгүн кино үйүндө “Спид оорусуна чалдыккан адамдардын каттары” аттуу даректүү тасмалардын бет ачаары болот.

Бул тууралуу Балдардын медиа борбору билдирди. Тасма 5 бөлүктөн туруп, СПИД оорусу менен ооругандардын жашоосу чагылдырылат. Ал эми фильмдин сюжети реалдуу көрүнүштөрдөн алынып, ролдорду тажрыйбасыз актерлор ойношот.

Бүгүн ошондой эле Бишкекте балдар тарткан сүрөттөрдүн сынагы өтөт. Уюштуруучулар билдиргендей ага 6 жаштан 15 жашка чейинки балдар катыша алат. Сынактын талабына ылайык катышуучулар “Менин үй-бүлөм”, “Менин өлкөм”, “Менин келечегим” деген темада жана техниканын баардык түрүндө эмгектерди жаратышса болот. Сынактын байге фонду 402 миң сом.

5-декабрдан тарта кино үйүндө эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган кино жумалык башталат. Анда маркумдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар сунушталат деп билдирди кинодепартаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Абибила Пазылов. Жумалык 5-декабрда кинематографистердин, маданий ишмерлердин, классиктин чыгармасын сүйүүчүлөрдүн катышуусу менен салтанаттуу ачылып 12-декабрь күнү жыйынтыкталат.

Ал эми улуу жазуучунун туулган күнүнө карата кинематографистер департаментинин деректиринин милдетин аткаруучу Абибилла Пазыловдун буйругу менен шаардын баардык кинотеатрларында ал күнү жазуучунун чыгармаларына тартылган фильмдер көрсөтүлөт.

3-4-5-декабрь күндөрү Ош шаарындагы Кыргыз драма театрында “Кыз Бурак” тобу концерти өтөт. Ал эми Бишкекте бул жумада жаш эстрада ырчысы Мирбек Атабеков жеке концертин тартуулайт.

Улуттук биринчи каналдын алдындагы жаштардын оюн зоок программалар студиясы “Жаңы Жылдык жомок” тарта баштады. Бул теледолбоор 2 бөлүктөн турат. Тактап айтканда биринчи бөлүгү белгилүү ырчылары, куудулдары жана актерлору катышкан окуялуу сюжетти камтыса, экинчиси фильм-концерт түрүндө тартылат. Программа борбордогу эс алуу жайларынын биринде өтүп, ага белгилүү спортчулар, саясатчылар, министрлер жана коомдук ишмерлер чакырылат.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган “Тоолор кулаганда” аттуу көргөзмө өтүүдө. Ага өлкөнүн баардык аймактарынын сүрөтчүлөрү жана казак кыл калем чеберлери катышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына токтолуп, живопись, графика, скульптура жанрында жараткан эмгектерин коюшкан.

Улуттук опера жана балет театрында бул жумада “Жизель” балети коюлат. Ал эми орус драма театрынын артистери Нил Саймондун “Калифорния сюитасы”, Клод Маньенин “Блез” комедиясын тартуулашат.

XS
SM
MD
LG