Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:27

Президент эмдиги жылдын түшүмү үчүн аракетти күчөтүүнү талап кылды


Президент Курманбек Бакиев мындай талапты бүгүн президенттик администрация кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде коюп, өткөн жумада чыгарган “2009-жылдагы жазгы-күзгү талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүүнү камсыз кылуу чаралары” деген жардыгын сөзсүз аткарууга бийликти милдеттендирди. Бийлик дыйкандардын иштеши үчүн шарт түзүп, алардын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылышын колдоо зарыл деген президент мамлекеттик чыгымдарды азайтып, жаңы жылга карызсыз баруу жана эмдиги жылда айыл жеринде курулушту көбөйтүү керектигин белгиледи. (BD)

XS
SM
MD
LG