Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Нарын медициналык окуу жайында эки айдан бери эмгек акы бериле элек


Эмгек акы албай нааразы болуп жаткан окутуучулардын бири Кубат Курманалиевдин арыз-дооматын окуу жайдын бөлүм башчысы Рая Турдуналиева да ырастады. Алардын айтымында эмгек жамаат октябрь айынан бери эмгек акыларын ала алыша элек болсо, окуучулар июль айынан берки стипендияларын зарыгып күтүшүүдө. Медициналык окуу жайдын эсепчиси Акыл Капарованын эсебинде окуучулардын бир айдагы стипендиясы 58 миң 135 сомду, эмгек жамааттын бир айлык эмгек акысы 253 миң 156 сомду түзөт. 1-декабрга карата 858 миң сом карыз бар. Окуу жайдын башкы эсепчиси Муңдук Алыбаева бүгүн Каржы министрлигинен 698 миң сом которулгандыгын телефон аркылуу маалымдады. (KUs)

XS
SM
MD
LG